Жолоочуларды тоноп алчу кишини билдирген каракчы сөзү жогорку карак «талоо, талоон» деген сөзгө кесипти билдирген -чы мүчө жалгануудан келип чыккан.
«Киши сөлөкөтүнө окшотуп эски кийим-кечеден жасалып, короонун же огороддун четине орнотулган нерсе» маанисиндеги каракчы сөзү метатезаланып, кээде карачкы болуп да айтылат. Бул сөз карак+чы бөлүктөрүнөн куралган. Анын карак уңгусу – азыркы кароо деген кыймыл атоочтун байыркы кездеги формасын сактаган варианты. Ага кесипти билдирген -чы мүчөсү уланган. Келип чыккан каракчы сөзү «кароочу» маанисин берген.
Каракчы жаман-жуман нерселерден жасалып, коркунучтуу көрүнгөн. Ошондуктан анын алгачкы «кароочу» деген түз мааниси өзгөрүп, «кейпи суук нерсе» деген өтмө мааниси жаралган.